super.kg logo

Ошто турак үйдөн өрт чыгып, 63 жаштагы аял каза тапты

 

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалым болгондой, тилсиз жоо 13-июнда саат 02:28де чыккан. Өрттү өчүрүүдө 2 бөлүм иш алып барды. Өрт саат 14:10до толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 63 жаштагы аял каза болду. Кырсык болгон үй 10 бөлмөлүү болуп, анда учурда 6 үй-бүлө — жалпы 23 адам жашап келген.

Өрттүн жалпы аянты 348,2 чарчы метрди түздү. Коңшу жайгашкан эки турак үй өрттөн сакталып калды.

Окуя болгон жерде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары К.Айтибаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Мусаев жабыркагандардан кабар алышты.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: