Оштун мэри сындаган "Достук" чек ара бекети иретке келе баштады (видео)
Өзбекстандан Ош шаарына кире берген "Достук" өткөрмө бекетинде оңдоп-түзөө иштери уланууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев кечээ, 14-июнда таңкы рейддин алкагында жерине барып көрүп кайтты.
Видеодо жолдун эки жээги иретке келип, дүкөн, тамактануучу жайлардын сырткы көрүнүшү бир калпта жасалып жаткандыгын байкоого болот.
Белгилей кетсек, 26-февралда Ош шаарынын башчысы "Достук" өткөрмө бекетине кире бериш аймакты кыдырып, башаламан курулган соода түйүндөрүн оңдоо тапшырмасын берген. Ал эми рейд учурунда ал аймакты токойго айланып бара жатат деп сындап, Кыргызстандын жүзү үчүн тез арада иретке келтирүү керектигин кошумчалаган.
15.06.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:56
2025-06-15
12:21
2025-06-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.