Ирандан 29 кыргызстандык Баку аркылуу Бишкекке эвакуацияланды
Ирандагы акыркы кырдаалга байланыштуу 29 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда эвакуацияланган жарандардын бири кабарлап, Ирандагы Кыргызстандын элчилигине ыраазычылыгын билдирди.
Алардын айтымында, элчиликтин кызматкерлери өз учурунда ыкчам иштерди алып барып, жарандарды эвакуациялашты.
"Сиздердин ыкчам жардамга кол сунганыңыздар чыныгы дипломатиялык кадам. Тегерандан Бакуга чейинки биздин коопсуздугубузду камсыздаганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз", - деп жазылган билдирүүдө.
Кыргызстандык жарандар Азербайжан аркылуу Бишкекке келишти.
Айта кетсек, Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуу күчөп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.