super.kg logo

Иран Израилдин соккусунан канча жараны каза болгонун билдирди

 

Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынын курмандыктары 220 адамдан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ирандын саламаттыкты сактоо министри Хосейн Керманпур билдиргендей, жалпы 224 адам каза болгон, анын 70тен ашыгын аялдар менен балдар түзөт. Ошондой эле 1277 адам жаракат алган. Каза болгондордун 70 пайызы карапайым тургундар экени айтылды.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Израилдин Тегеранга жасаган чабуулдарынын натыйжасында кеминде 14 ирандык илимпоз каза болгон. Айрымдары автоунааларга коюлган миналардан көз жумганы айтылууда.

Буга чейин Ирандын Nour News агенттиги өзөктүк физика боюнча кеминде алты адис каза болгонун тастыктаган. Алардын арасында Абдольхамид Минучехр, Ахмадреза Зульфикари, Амирхосейн Факхи, Матлабизаде, Мохаммад Мехди Техранчи, Ферейдун Аббаси бар.

Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине сокку урган. Чабуулдар өзөктүк куралдарды иштеп чыгууга байланыштуу объекттерге жана жогорку даражадагы аскер кызматкерлери жайгашкан жерлерге багытталган.

Ошол эле күнү кечинде Иран Израилге ракеталык соккуларды жасаган. Тегеран Израилдин аскердик инфратүзүмүнө, анын ичинде аба базаларына жана башка стратегиялык объекттерге ири соккулар болот деп убада берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: