super.kg logo

Шаурма жешкен... Таласта массалык уулануу катталды

 

Таласта массалык уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу кечээ, 15-июнда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, 14-июнда Талас облусунда массалык уулануу болуп, жалпысынан 9 адам жабыркаган. Алардын ичинен 4 бала 14 жашка чейинки курактагылар.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө, жабыркагандардын бардыгы Талас шаарындагы “Казан Шаверма” тез тамактануу жайынан алынган шаурманы жешкени аныкталды. Жабыркагандар өздөрүн жаман сезип, болжол менен түнкү саат 23:00 чамасында медициналык мекемеге кайрылышкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, баары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Оорулуулардын клиникалык материалдары лабораториялык изилдөө үчүн алынган. Тез тамактануучу жайда колдонулган азыктардан, кошулмалардан, чийки заттардан лабораториялык анализ үчүн үлгүлөр алынганы айтылат.

Объекттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Эпидемиологиялык иликтөө уланууда. Оорулардын алдын алуу борборунун жана санитардык көзөмөл кызматынын адистери, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: