super.kg logo

Бишкекте кичинекей кызды жер төлөгө алып кирген делген киши кармалды

 

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө кичинекей кызды алып кирген делген киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБ билдирди.

Райондук милиция шектүү катары 53 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгиледи.

"Тергөө учурунда кармалган жарандын уурулукка тиешеси бар деп шектелгени да аныкталды. Бул маалымат комплекстүү тергөө иштеринин натыйжасында алынган. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган керектүү тергөө иштери жүрүп жатат", деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда кичинекей кызды көтөрүп бара жаткан киши тартылган видеонун скриншоту тараган.

Октябрь РИИБ С.Н. аттуу жаран 10-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында Куйручук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 6 жаштагы кыз менен чогуу отурган белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганын белгилеп, мындан улам шектүү кишини издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: