super.kg logo
  Саясат  

Президент: “Ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк Кыргызстан сөзсүз өнүгөт”

 

“Эгерде биз ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк, инвесторлор тартылса, элибиз жапырт аракет кылса, анда Кыргызстан сөзсүз өнүгөт”,- деп билдирди Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү аземинде.

Мамлекет башчысы жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү менен куттуктап, бул долбоор өндүрүш тармагын жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен Кыргызстандын экономикасын жандандырып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга чоң мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

"Заводду модернизациялоо долбоору Кытайдын “Beijing Triumph Engineering” компаниясы жана Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашты. Жыйынтыгында жалпы суммасы 60 миллион доллардан ашкан инвестициянын негизинде жылына 800 миң тонна клинкер өндүрө турган жаңы линия курулду. 2024-жылдын жыйынтыгы менен 1 миллион 156 миң тонна цемент өндүрүлүп, 800дөн ашык жаран жумуш менен камсыз болгон. Жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү менен буюрса, заводдун өндүрүмү жылына кошумча 800 миң тоннага көбөйүп, 300дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөт.

2023-жылы 1 миллиард сомдон ашык салык төлөсө, 2024-жылдын жыйынтыгы менен андан 158 миллион сомго көбүрөөк салык түшкөн. Бул мамлекет менен жеке сектордун түз, так жана жоопкерчиликтүү өнөктөштүгүнүн жыйынтыгы болуп калды",- дейт өлкө башчысы.

Андан соң Садыр Жапаров баскычты басып, жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизди, ошондой эле Кант цемент заводунун иши менен таанышып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: