Бишкек–Кашгар багыты боюнча жаңы аба каттамы ачылды
"Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек–Кашгар багыты боюнча жаңы эл аралык каттамды расмий түрдө ачты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда компаниядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, кечээ, 15-июнда "Манас" аба майданынан учуп барган учак Каши аэропортуна конду.
“Бул рейс – жөн гана картадагы багыт эмес. Бул – келечекке инвестиция. Бул – региондордун туруктуу байланышына, бизнеске, адамдарга жана идеяларга жаңы мүмкүнчүлүк”, — деп белгиледи «Аэро Номад Эйрлайнс» компаниясынын башкы директору Тимур Аралбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.