super.kg logo

40 миңдей турист Израилден чыга албай калды

 

Израилдин 13-июнда Иранга сокку уруусунан кийин башталган куралдуу кагылышуулардан улам 40 миңдей чет элдик турист Израилден чыга албай калды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн аба мейкиндиги жабылган соң, чет өлкөгө кетүүнү каалагандар деңиз жолу аркылуу Түштүк Кипрге өтө башташты.

Бул баш аламан кырдаалдан качууга аракет кылгандардын арасында чет элдик туристтер менен катар айрым израилдиктер да бар. Алардын айрымдары чет өлкөдөгү балдарынын жанына кетүүнү көздөшсө, башкалары өз өлкөсүнө кайтууга аракет кылышууда.

Айрым туристтер Грек Киприне яхталар менен кетип жатышат, бирок мындай жолдор чектелүү жана абдан кымбат.

Буга чейин Haaretz басылмасы Израил өкмөтү чет өлкөдө калган израилдиктерди кайтаруу үчүн учак бөлгөнү, бирок ошол эле учурда Израилден чыгып кеткиси келгендерди ташууга тыюу салуу боюнча жергиликтүү авиакомпанияларга көрсөтмө бергенин жазган.

Мындан тышкары, Израилдин Иранга чабуулунан кийин 200 миңге чейин израилдик жаран чет өлкөдө калып калгандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: