Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 7 жашар бала каза тапты
Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 7 жашар бала каза тапты. Бул тууралуу 13-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү саат 16:30 чамасында Хонда Степвагон автоунаасынын айдоочусу “Бишкек-Ош” жолу менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан. Жолдун 110-чакырымында рулду башкара албай, жолдун четинде токтоп турган Даф-95 үлгүсүндөгү машинаны сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Степвагондун 7 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттан өзүнө келбей ооруканада каза болгон.
Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.