Венецияда миллиардер Жефф Безостун үйлөнүү тоюна каршы нааразылык акциясы өттү (видео)
Италиянын Венеция шаарында америкалык миллиардер жана Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос менен журналист Лорен Санчестин 24-июндан 26-июнга чейин өтө турган үлпөт тоюна каршы нааразычылык акциясы өттү.
The Guardian басылмасы активисттер Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жер байлардын оюн аянтчасына айланышына каршы экенин жазды.
Үлпөт тойго Ким Кардашян, Леонардо Ди Каприо, Опра Уинфри баш болгон 200дөй конок чакырылганы айтылууда. Тойго 10 миллион евро сарпталат деген маалыматтар чыккан.
17.06.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.