super.kg logo

Бир жашар ымыркай 9-кабаттан кулап кетип аман калды

 

Орусиянын Нижневартовск шаарында бир жаштагы ымыркай тогуз кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 14-июнда болду. Ымыркай оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал чиркей торуна жөлөнүп, оролуп түшүп кеткен. Ал терезеге чыгып кеткен учурда атасы уктап жатканы айтылды.

Учурда наристе ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын жакындары, наристенин өзүнө келгенин жана абалы туруктуу экенин билдиришти.

"Ар бир үй-бүлө өз баласынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти сезип, мындай окуялардын алдын алуу боюнча жигердүү аракеттерди көрүшү керек. Мындай учурда алдын алуу трагедияны болтурбоо үчүн бирден-бир туура жана эффективдүү жол болуп саналат",- деген балдардын укуктары боюнча комиссар Людмила Низамова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: