Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугунун абалы кандай? 5 айда 981 бизнес текшерилди

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айлары аралыгында 981 бизнес текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Белгиленген мөөнөт ичинде республикалык деңгээлде 1 146 ишкердик субъектти текшерүүгө алуу макулдашылган, алардын ичинен 981 субъект текшерүүдөн өткөрүлдү. Жыйынтыгында 332 көрсөтмө берилди жана ветеринардык-санитардык талаптар менен көрсөтмөлөрдүн аткарылбагандыгы үчүн жалпы 761 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
"Республика боюнча ветеринардык көзөмөлгө тиешелүү болгон жалпы 73 242 объект катталган. Учурда бир инспекторго орточо 75 объект туура келет. Ветеринардык кызмат тарабынан көзөмөл иштери мындан ары да улантылып, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу багытында талаптардын аткарылышы тыкыр көзөмөлдө болот",-деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.