super.kg logo

Бишкекте 9 батир жана коммерциялык жай мамлекетке өткөрүлдү

 

Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан "Ак-Сай" мейманканасын менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мейманкана 1996-жылы республикалык "Дыйкан-Ордо" ишкерлер ассоциациясынын балансына өткөрүлгөн. Ал эми 2004-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жанаша жайгашкан 0,325 гектар жерди 49 жылга убактылуу пайдаланууга берген. Бирок 2005-жылы "Дыйкан-Ордо" ассоциациясынын мурдагы төрагасы "Ак-Сай" мейманканасын С.Э. аттуу жаранга 1 миллион сомго сатып жиберген.

Атайын кызмат бүгүнкү күндө аталган объектте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүрүп, аяктап калганын белгилеп, мындан улам мамлекетке 170 миллион 554 миң сом зыян келтирилгенин кошумчалады.

Натыйжада курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн үлүшчүлөрү зыяндын ордун толтуруу үчүн өз ыктыярлары менен 9 батир жана курулуп жаткан турак үйдөн 300 чарчы метр коммерциялык жайды мамлекетке өткөрүп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: