super.kg logo

Жети-Өгүз районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды

 
Жети-Өгүз районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ушул жылы 3-декабрь күнү саат 10дор чамасында Жети-Өгүз районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган. Жабырлануучу 50 жашар Б.Ж. аттуу жаран экени жана денесинен бир катар оор жаракат алганы аныкталган. Иликтөөлөргө ылайык, аталган кылмыш жабырлануучунун денеси табылгандан 12 саат мурда катталган. Маркум менен анын жердеши 1970-жылы төрөлгөн Б.Кнын ортосунда жалган түшүнбөстүктөн улам чыр чыгып кеткен. Окуяны байкаган коңшулары  Жети-Өгүз райондук ички иштер кызматкерлерине билдиришкен. Иштин изи сууй элегинде милиция кызматкерлери кылмышка шектүү делген Б.Кны колго түшүрүшкөн. Б.Кга Кылмыш кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: