super.kg logo

Индиядагы учак кырсыгы: Студент кыз каттамга кечигип, аман калды

 

Индиядагы кырсыкка кабылган учактын каттамына Бхуми Чаухан аттуу студент кыз кечигип калып, аман калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Чаухан Лондонго учмак, бирок каттамга 10 мүнөт кечигип калып, учакка отурбай калган. Ал онлайн каттоодон өткөнүнө карабастан, бортко киргизилген эмес.

"Биз туристтик агент менен сүйлөшүп, билеттин акчасын кайтарып алуунун жолдорун издеп жатканбыз. Ошол учурда телефон чалып, учак кулап түшкөнүн айтышты",- деп эскерди Чаухан.

Эске салсак, учак кырсыгы 13-июнда Ахмедабад шаарында болгон. Учак кулаган учурда ичиндеги 242 адамдын ичинен жалгыз гана 40 жаштагы Улуу Британия жараны Рамеш Висвашкумар аман калган. Ал учурда ооруканада жатат. Жалпысынан кырсыктын кесепетинен 310 адам каза тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: