super.kg logo

Израилдин өкмөт башчысы Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук кеңеши менен чукул жыйын өткөргөндөн кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

АКШ Иранга каршы Израилге кошулуу мүмкүндүгүн карап жатат. Маалыматтарга караганда, америкалык аскердик кемелер Перс булуңуна багыт алган. Ошондой эле Жакынкы Чыгышка америкалык аскердик учактар да жөнөтүлүүдө.

Ал эми The New York Times басылмасы АКШ Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттерине кошулса, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга сокку урушу мүмкүн экенин жазып чыкты. Ошондой эле АКШнын маалымат каражаттары Трамп Ирандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүүнү токтотконун жазышууда.

Бул аралыкта Иран тарапты Йемендин хуситтери колдоого даяр экенин билдиришти. Ал эми Иран Ормуз кысыгын жабып, ал тургай мина коюу ниетин ачык айтты.

Бүгүн, 18-июнга караган түнү Иран Израилдин ири шаарларына жүздөгөн ракеталарды учурду. Жарылуулар Тель-Авивде, Хайфада жана Иерусалимдин четинде катталды. Ракета учурулган соң кыйрап, калдыктары Тель-Авивдин көчөлөрүнө түшүп, жарылуу жана өрт чыкканы кабарланууда. Курмандыктар же жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча бериле элек.

Эртең менен IRNA агенттиги Иран Израилдин аба мейкиндигин толук көзөмөлгө алганын жарыялады. Учурдагы абал боюнча Израил тарап билдирүү тарата элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: