Орусия Украинага 6 миңден ашык аскердин сөөгүн өткөрүп берди
Орусия Украинага дагы 1245 аскердин сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Украинадагы туткундар маселеси боюнча координациялык штаб билдирди.
"Жалпысынан Орусия Украинага 6060 украин аскердин сөөгүн өткөрдү",- деди орусиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский.
Бул Стамбулдагы макулдашуулардын негизиндеги акыркы этап болуп саналат. Ал эми Украина тарап 78 орусиялык аскердин сөөгүн кайтарып берген.
Эске салсак, 2-июнда Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө тараптар оор жаракат алгандарды жана 25 жашка чейинки туткундарды да алмашуу тууралуу макулдашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.