Рим папасы Мадонна жана Анжелина Жоли менен тууган экени айтылды
Жаңы Рим папасы Лев XIV АКШ жана Канаданын бир катар жылдыздары, саясатчылары менен алыскы туугандык байланышка ээ экени белгилүү болду. Бул тууралуу The New York Times басылмасы атайын изилдөөлөргө таянып жазды.
Маалыматта Рим папасы поп-жылдыз Мадонна, ырчы Жастин Бибер, Голливуд актрисасы Анжелина Жоли, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, Канаданын мурдагы премьер-министри Жастин Трюдо жана америкалык жазуучу, акын Жек Керуак менен туугандык байланышта экени айтылат.
Белгилүү болгондой, Рим папасынын ата-бабалары 1650-жылдары Франциядан Канадага көчүп барышкан.
Католик чиркөөсүнүн мурдагы башчысы Франциск быйыл 21-апрелде инсульттан улам көз жумуп, ордуна биз сөз кылып жаткан каарман шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.