super.kg logo

Казакстанда мышык тиштеп алган аял каза болду

 

Казакстандын Костанай облусунда акыркы беш жылда биринчи жолу адам кутурма оорусунан каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Костанай облусунун Камысты районунун тургуну болгон аял Лисаковск шаардык ооруканасында көз жумду. Аялда үй мышыгы тиштеп алган соң, кутурманын белгилери бир нече айдан кийин гана билинген. Ал өз убагында дарыгерге кайрылбаган жана алдын алуу эмдөөсүн алган эмес. Жыйынтыгында аны сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, оорунун себеби - үй мышыгынын тиштөөсү. Окуядан кийин мышык жоголуп кеткен. Эпидемиологиялык териштирүүдө такталгандай, аял кутурмадан коргонуу үчүн дароо вакцина алган эмес.

Кутурма - бул абдан кооптуу жугуштуу оорулардын бири. Ал борбордук нерв системин жабыркатат жана көпчүлүк учурда өлүмгө алып келет. Бул вирус, адатта, жугуштуу жаныбарлар тиштеп алганда же шилекейи териге тийгенде жугат.

Адистердин айтымында, оорунун билине элек учуру (инкубациялык мезгил) бир нече күндөн бир нече айга, кээде бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул тиштелген жердин кайсы дене бөлүгүндө жайгашканына жараша болот.

Кутурма жуктуруп алгандардын 99 пайызы жаныбар тиштегенден кийин жабыркашат. Бул илдетти үй жаныбарларын убагында эмдөөдөн өткөрүү жана адам тиштелгенден кийин шашылыш түрдө эмдөө алуу менен алдын алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: