Чүйдө үйүнөн чыгып кеткен 16 жаштагы кыз бат эле табылды (видео)
Москва районунда үйүнөн чыгып кеткен 16 жаштагы кыз ыкчам түрдө табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 күн мурун, тагыраагы, 17-июнда милицияга Садовое айылынын 41 жаштагы тургуну кайрылган. Ал кызы болжол менен саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айткан.
Милиция кызматкерлери тарабынан дароо издөө иштери уюштурулуп, натыйжада өспүрүм кыз кыска убакыттын ичинде табылып, аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Облустук милиция өспүрүм жана анын ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
19.06.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.