super.kg logo

Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясын тандоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү

 
Кечээ, 18-июнда Кыргыз улуттук “Манас” театрында Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун төрагалыгы астында өткөрүлдү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, Мминистрлер кабинетинин тийиштүү тескемеси менен гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча сынактын жобосу, комиссиянын курамы бекитилди.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана акын-жазуучулар, музыка ишмерлери киргизилди.
Жыйында комиссиянын жаңыртылган курамы тааныштырылып, сынакты өткөрүү боюнча сунуштар талкууланды.
Сынак эки этап менен өткөрүлөт: жобого ылайык, биринчи этапта гимндин тексти тандалат, экинчи этапта – музыкалык чыгармалар. Тексттер 2025-жылдын 7-июлуна чейин, музыкалык долбоорлор 8-сентябрга чейин кабыл алынат. Натыйжада үч мыкты долбоор тандалып, алардын ичинен бирөө жаңы гимн катары бекитилет.
"Жеңүүчү долбоорго президенттин фондунан сыйлык ыйгарылат. Сынак ачык-айкындык, адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде өткөрүлөт",- деп жазылат маалыматта.
Жыйындын соңунда комиссия тарабынан гимндин текстининин долбоорун кабыл алуу мөөнөтүн 17-июлга чейин узартуу сунушу берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: