super.kg logo
  Саясат  

Парламент спикери ИИМди бир жактуу айыптоолордон карманууга чакырды (видео)

 

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министрлигин бир жактуу айыптоолордон карманууга чакырды.

Ал ИИМдин ишмердүүлүгү мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшырып жатканын айтып, милиция кызматкерлери бардык зарыл иштерди аткарып жатышканын белгиледи. Спикер коомчулукта мурун "милиция мени кордойт" деген ой калыптанып калса, бүгүнкү күндө ИИМ "милиция мени коргойт" деген ой калыптандыруунун үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Мунун алдында парламент отурумунда депутат Айсулуу Мамашова зордук-зомбулук фактылары өсүп жатканын айтып, ИИМге толук кандуу иштерди алып барбай жатканына нааразы болуп, сынга алган.






Жогорку Кеңеш 19.06.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: