Оштун мэри үч эмдин ата-энесине убадалаган батирди тапшырды (видео)





Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмдин ата-энесине убадалаган, аянты 100 чарчы метр болгон үч бөлмөлүү батирдин документин тапшырды. Бул тууралуу калаа башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Балдардын энеси Исаева Рахат Ош шаарынын тургуну. Жалпы 6 баласы бар, 5 уул 1 кыз. Үч эмди 2022-жылы жарык дүйнөгө алып келген. Учурда балдар 3 жашта. Аларга Алмаз, Аслан, Агнар аттуу ысым ыйгарышкан",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Токторбаев үч эмди тарбиялап жаткан үй-бүлөгө мэриянын атынан 3 бөлмөлүү батир белек кыларын айткан.
19.06.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.