Улуттук госпиталь "Тез жардам" унаасы менен камсыз болду









Бүгүн, 19-июнда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга заманбап "Тез жардам" унаасы тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, унаа "Шаньшуй Силк Роуд КейДжи" компаниясы тарабынан тартууланды.
Унааны тапшыруу аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдөөлөтов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов, аталган компаниянын башкы директору Чжоу Минь жана госпиталдын эмгек жамааты катышты.
Министрдин орун басарынын айтымында, бул белек – Улуттук госпиталдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошулган маанилүү салым. Бул "Тез жардам" унаасы мекемедеги медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын өркүндөтүп, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн бир топ кеңейтет.
"Бул биз үчүн жөн гана унаа эмес – дагы көптөгөн өмүрлөрдү сактап калуу мүмкүнчүлүгү. Өнөктөштөрүбүзгө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай демилгелер ар бир жаран үчүн сапаттуу медициналык жардамды жакындатат", - деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери.
