Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды










Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-июнда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары жана "Борбордук Азия – Орусия" форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы азыркы эл аралык күн тартиби татаал жана көп кырдуу тенденциялар менен мүнөздөлөрүн айтты. Бул өңүттө Ооганстандагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү.
Садыр Жапаров күч-аракеттерди координациялоо жөнүндө айтып жатып, терроризм – бул ага каршы күрөштө жамааттык аракеттерди жана стандарттуу эмес ыкмаларды талап кылган коркунуч экенин белгиледи. Ошондой эле экстремисттик идеологиялардын жайылышы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгү менен күрөшүү зарыл.
Коопсуздук кеңештеринин катчылары өз кезегинде терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу замандын коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
