Жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

"Кызыл-Бел автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жалпы аянты 8,05 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Тактап айтканда, 1988-жылы "Агроөнөржайэнерго" ишканасына айыл чарба муктаждыктары үчүн 10 гектар жер бөлүнгөн. Андан кийин, 1996-жылы ишкана "Баткенайылэнерго" ишканасы болуп кайра түзүлүп, мүлктүк комплекстин жана жер тилкесинин наркы 267 556 сом болуп бекитилген. 2009-жылдан 2022-жылга чейин аталган жер тилкеси "Баткенайылэнерго" ишканасынын директору тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, коммерциялык багытка трансформацияланган.
Текшерүү процессинде менчик ээлери ыктыярдуу негизде жер аянтын мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.