Мурдагы депутат Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды. Маалыматты Талас облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Чечимди кечээ, 18-июнда Талас шаардык соту чыгарган. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү берген.
Буга чейин Бокоевдин 9-июлга чейин камакка алынганы маалым болгон.
Эске салсак, Кенжебек Бокоев июнь айынын башында Талас облустук милициясы тарабынан кармалган. Ага карата "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. Учурда тергөө иштери уланууда.
Кенжебек Бокоев 2005-2010-жылдары Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл аймагын башкарган. 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышында, 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясы менен парламенттин VI чакырылышында депутаттык мандатка ээ болгон.
