Мессинин голу командасына жеңиш алып келди (видео)
Кечээ, 19-июнда футбол боюнча клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 2-туру болуп өттү. "А" тайпасында "Интер Майами" менен "Порту" беттешти. Беттеш АКШынын Атланта шаарында өттү.
Америкалык клуб португалиялыктарды 2:1 эсебинде жеңип алды. Алгач оюндун сегизинчи мүнөтүндө Саму пенальтини так аткарып, "Портуну" алдыга чыгарды. 47-мүнөттө Теласко Сеговия эсепти теңеди. 54-мүнөттө Лионель Мессинин айып соккудан киргизген голу "Интер Майамиге" жеңиш алып келди.
"Интер Майами" төрт упай менен "А" тайпасында экинчи орунда. Ал эми "Порту" бир упай менен үчүнчү орунда.
20.06.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.