super.kg logo

ИИМ жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде уурулардан сак болууга чакырат

 

Жайкы эс алуу мезгилинин башталышы менен Ички иштер министрлиги жарандарга турак жайларын уурулардан коргоо чараларын көрүүгө чакырат.

Ыкчам кырдаалдын талдоосу көрсөткөндөй, жай мезгилинде турак жай ээлери үйдө жок учурда уурулуктун саны көбөйөрү байкалууда. Уурулар узак убакыт бою эч ким келбеген жана эч кандай көзөмөл жок үйлөрдү тандашат.

Өз мүлкүңүздү коопсуз кылуу үчүн ИИМ төмөнкү сунуштарды берет:

  • Эшиктерди, терезелерди жана балкондорду бекем жабыңыз;
  • Үйдө ири суммадагы акча жана баалуу буюмдарды калтырбаңыз;
  • Мүмкүнчүлүк болсо сигнализация же видео көзөмөл орнотуңуз;
  • Сиз үйдө жок болгон учурда туугандарыңыздан, кошуналарыңыздан же тааныштарыңыздан батирди кээде карап турууну сураныңыз;
  • Социалдык тармактарда эс алууга кеткендигиңизди жарыялабаңыз.

ИИМ эскертет: Сактык - сиздин мүлкүңүздүн сакталышынын кепилдиги. Турак жайга уруксатсыз кирүү аракеттери же башка шектүү иш-аракеттер байкалган учурда ички иштер органдарына 102 кыска номуру аркылуу тез арада кабарлаңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: