Адам курмандыгы бар... Казакстандын Павлодар облусунда катуу бороон болду (видео)






Казакстандын Павлодар облусунда кечээ, 19-июндагы бороон-чапкындын кесепетинен 16 адам жабыркаганын казак басылмалары жазып чыгышты.
Жабыркагандардын үчөөсү балдар экени айтылууда. Катуу шамалдын кесепетинен 47 имараттын чатыры учуп, 6 социалдык инфраструктура объекттери жабыркаган. Шаламдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 43 метрге жеткени айтылат.
Айрым ЖМКлар кырсыктан бир аял каза болгонун жазышты. Учурда шамал кыйраткан аймакта 300дөн ашык адам жана 100дөн ашык атайын техника иштеп жатканы маалымдалды.
20.06.25.
20.06.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.