super.kg logo

Ваннада жуунуп жатканда телефон чукулаган кыз токко урунду

 

Орусиянын Когалым шаарында ваннада жуунуп жатканда телефон чукулаган кыз токко урунуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, кыз ваннага түшүп жатып кубаттагычка туташкан смартфонду колдонуп, электр тогунан жаракат алган. Тагыраагы, кыз смартфонун сууга түшүрүп алган, кубаттоочу кабели токко туташып турган. Телефонду алганы аракет кылганда аны ток уруп, эсин жоготкон. Жабырлануучуну апасы куткарып калганы айтылды.

Кыз оор абалда ооруканага жеткирилди. Ал сол колунун манжаларынан жана көкүрөгүнөн чоң күйүк алды. Өз убагында дарылоонун натыйжасында жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системи менен байланышкан көйгөйлөрдөн кыз аман калган, бирок сол колунун манжаларын кесип салууга туура келди.

Дарыгерлер үйдө коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин эскертишти. Суунун жанында электр жабдыктарын колдонууга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: