super.kg logo

МИКтин өкүлү чөгүп жатат деген үйлөр боюнча жеринде түшүндүрмө берди (видео)

 

Социалдык тармактарда ипотекалык үйлөр чөгүп жатат деп тартылган видео боюнча жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, подрядчы компаниянын башкы прорабы жашоочуларга бардык тилкелерди көрсөтүп, түшүндүрмө берди.

"Видеодо көрүнгөн тепкич — негизги курулуш бүткөндөн кийин өзүнчө курулган, ага плиткалар бетон үстүнө клей менен жабыштырылган. Кыштагы суук жана нымдуу аба ырайы клейдин кармалуусуна таасир берип, айрым плиткалар убакыттын өтүшү менен түшүп калган.

Ал эми таш тапандар түздөн-түз жер үстүнө төшөлгөндүктөн, аларда маселе жердин жетишсиз тегизделишине (трамбовкага) байланыштуу болгон.

Бул көрүнүштөрдүн имараттын конструкциялык коопсуздугуна эч кандай таасири жок. Бардык оңдоло турган жерлер буга чейин эле көзөмөлгө алынып, бүгүн керектүү материалдар жеткирилди. Компания өз эсебинен оңдойт, жумуштар аз күндө бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.






21.06.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: