super.kg logo
  Спорт  

Мыктыбек Оролбай уулу UFC'де үчүнчү жеңишине жетти (видео)

 

Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу UFC'деги үчүнчү жеңишине ээ болду.

Кыргызстандык мушкер 22-июнга караган түнү Азербайжандын Баку шаарында өткөн "UFC on ABC: Hill vs. Rountree Jr." турниринде беттешти. Оролбай уулунун атаандашы UFCде дебют жасаган азербайжандык мушкер Тофик Мусаев болду.

Алгач беттеш 70,3 килограммга чейинки салмак категориясында өтөт деп пландалган, бирок салмак өлчөө аземинде беттеш 75 килограммга чейинки салмакта болору белгилүү болду.

Оролбай уулу биринчи раунддун 4 мүнөт 37 секундасында колун кайруу менен жеңип алды.

Оролбай уулу UFC'де төрт беттеш өткөрүп, үчүнчү жеңишине ээ болду. Ал 2023-жылдын ноябрында сербиялык Урош Медичти жеңип, дүйнөнүн эң мыкты лигасында дебют жасаган. Андан кийин 2024-жылдын май айында бразилиялык Элвис Бренер менен беттеште биринчиликти сууруп чыккан. Ошол эле жылдын октябрь айында польшалык Матеуш Ребеккиге утулуп, бирок "Түндүн мыкты беттеши" үчүн 50 миң доллар бонус алган.






22.06.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.06.2025. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың Мыктыбек, тажрыйбаң бир кыйла жогорулаптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: