Одессада 7 жаштагы кызды кошунасы зордуктаганы айтылды

Одессада дайынсыз жоголгон 7 жаштагы Соломия аттуу кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы кошунасы кызды зордуктап, өлтүргөн деп айыпталууда. Тергөө аяктаганга чейин шектүү убактылуу камакка алынды. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кыз 18-июнда шаардын Хаджибей кичи районундагы үйдүн короосунда сейилдеп жүрүп, дайынсыз жоголгон. Апасы милицияга кайрылып, эртеси эртең менен кыздын жансыз денеси турак жайдын тепкичтеринин астындагы кутудан табылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу кызга үйүнүн короосунан скутер айдап баратканда жолугуп, үйүнө чакырган. Кичинекей кыз кошунасын тааныгандыктан барууга макул болгон. Батирге киргизген киши аны зордуктап, кийин муунтуп өлтүргөн деп айтылды.
Кылмышты жашыруу үчүн айыпталуучу баланын денесин кутуга катып, андан соң такси менен жакын жердеги жер төлөгө алып кеткен. Ал окуядан бир нече сааттан кийин камакка алынды.
