super.kg logo
  Саясат  

Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 23-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Анын айтымында, 2021-жылдын 5-майында Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ролун жана маанисин олуттуу жогорулады.

"Мамлекет көмүскө экономиканы кескин кыскартып, криминалдын бардык түрүнө, анын ичинде биринчи кезекте коррупцияга каршы катаал күрөш жүргүзүү менен улуттук кирешени кайра бөлүштүрүү боюнча өзүнүн функцияларын чындап аткара баштады.

Тарыхый мааниге ээ болгон өзгөртүүлөрдүн бири административдик-аймактык реформа болду. Анын алкагында айыл аймактары ирилешти жана шаарлардын аймактары кеңейди. Бул реформа мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ошону менен бирге региондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жүздөгөн миллион сомдон миллиард сомго чейинки олуттуу финансылык жардам берилди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реформасынын дагы бир маанилүү багыты санариптештирүүнү документ жүгүртүүдө, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жана бюрократиядан арылууда пайдалануу болду. Зарыл маалымкаттарды берүү мөөнөтү кыскарды бир нече күндүн ордуна азыр бир нече сааттан бир нече секундга чейин убакыт талап кылынат",- деп белгиледи төрага.

Касымалиев майрамды утурлайм мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ак ниет кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: