super.kg logo

MCN Coin иши менен камалган Юруслан Тойчубеков бошотулганы белгилүү болду

 

MCN Coin криптоактивине байланыштуу камакка алынган Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков 16-майда тергөө абагынан бошотулган. Маалыматты бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады.

Маалыматка ылайык, ал өлкөдөн эч жакка чыкпоо тил каты менен коё берилген. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү берген.

Эске салсак, Тойчубеков быйыл февраль айында кармалып, камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси боюнча айып тагылган эле.

Февралда УКМК кызматкерлери MCN Coin криптоактивине байланыштуу бир нече адамды кармашкан. MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков уюштуруучулар 2,5 миллион доллардай каражат тапканын, бирок акчаны жарандарга кайтарып бере албай турганын билдирген.

Кийинчерээк ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров аталган криптоактивге акчасын алдатып жиберген 898 адамга 1 миллион 700 миң доллардан ашык акча каражаты кайтарылып берилгенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: