super.kg logo

Баткенде жаңы аскердик шаарча ачылып, чек арачыларга батирлер тапшырылды

 

Бүгүн, 23-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Төрт-Күл айылында жайгашкан Чек ара кызматынын №2053 аскердик бөлүгүнүн жаңы аскер шаарчасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Аскердик шаарча атайын багыттагы "Бөрү" отрядына таандык болуп, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалды.

Жаңы аскердик шаарчанын курамына төмөнкүлөр кирет:

  • казарма (жоокерлердин жатаканасы) жана штабдык имараттар;
  • медициналык бөлүм;
  • автотранспорттук база жана май куюу жайы;
  • мини-футбол талаасы бар спорт комплекси;
  • кампалар жана толук коммуналдык түзүмдөр (казанканалар, суу алуу жайлары, канализация станциясы, электр системи, тышкы инженердик тармактар).

Шаарчанын өзгөчөлүгү - улуттук элементтердин интеграцияланышы. Бул жерде улуттук күрөш аренаcы жана улуттук стили менен жабдылган эс алуу жайлары жайгашкан. Мындан тышкары, чек арадагы куралдуу жаңжалдарда курман болгон аскерлердин урматына арналган мемориалдык комплекс да курулган.

"Чек арачылардын кызмат орду мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алардын кызматтык жана жашоо шарттарын жакшыртуу - өлкө башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө. Биз сиздерге мамлекеттин чек арасын коргоо боюнча милдеттериңиздерди ар-намыс менен аткарасыздар деп ишенебиз",- деди Ташиев өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: