Өлкөдө В гепатитине каршы эмдөө уланууда
Кыргызстанда В гепатитине каршы эмдөө уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Эмдөө программасы пландуу тартипте жүрүүдө жана каалоочулар үчүн жеткиликтүү.
"2022-жылдын декабрынан 2025-жылдын май айына чейин мамлекеттин каржылоосу жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өлкөгө 750 000 доза вакцина жеткирилген. 2025-жылдын 21-июнуна карата республика боюнча эмдөө пункттарында 72 159 доза бар, бул эмдөөнү үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет. 2024-жылы эмдөө курсун баштаган жарандар үчүн 2025-жылдын биринчи кварталында кошумча 55 000 доза алынган",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.