super.kg logo

The New York Times: Иран Катарга аба соккусу жөнүндө алдын ала эскерткен

 

Иран АКШнын "Аль-Удейд" аскер аба базасына жасаган соккусу жөнүндө Катар бийлигине алдын ала эскерткен. Бул тууралуу The New York Times басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тегеран Ирандагы ядролук объектилерге жасалган АКШнын чабуулдарына жооп иретинде символикалык мүнөздөгү сокку жасоого мажбур болгон. Иран көп сандагы адам өлүмүнүн алдын алуу үчүн эскерткени билгилүү болду.

Бүгүн, 23-июнда Иран Катардагы АКШнын аскердик базасына сокку урду. Axios басылмасынын маалыматына караганда, Иран Катардагы АКШнын аскердик базаларына карай алты ракета учурган.

Учурда Бахрейндин борбор калаасы Манамеде да аба коопсуздугу боюнча сигналдар угулууда. Себеби бул өлкөдө дагы америкалык аскердик база жайгашкан. Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары да аба мейкиндигин убактылуу жаап жатканы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: