Иран АКШнын Катар жана Ирактагы аскер базаларына сокку урду (видео)
Ирандын куралдуу күчтөрү АКШнын Катар жана Ирактагы аскер базаларына каршы операция жүргүзүүдө. Ал "Жеңиш сүйүнчүсү" деп аталганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Израилдин Ynet басылмасы Катардагы америкалык базаларга ирандык күчтөр тарабынан он ракета атылганын билдирди. Америкалык Axios агенттигинин маалыматына караганда, базага алты ракета учурулган.
Аль-Удейд аба күчтөрүнүн базасы Катардын борбору Доханын түштүк-батышында жайгашкан. Анда АКШнын Борбордук командачылыгынын оперативдүү штабы жайгашкан.
Ирандын куралдуу күчтөрү Ирактагы америкалык базага бир ракета учурганын жазат Ynet. Reuters жеке булактарына таянып, базанын үстүндө абадан коргонуу системи иштеп жатканын кабарлады.
Айта кетсек, 22-июнда АКШнын аба күчтөрү Ирандын өзөктүк объекттерине сокку урду. Бул кадамга жооп болору эскертилген.
Ирандын америкалык базаларга соккусу
