Иран менен Израил атышууну токтотуу мүмкүнчүлүктөрүн карап, сунуштарын айтышууда
Бүгүн, 24-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдиргендей, эгер Израил аскердик операциясын токтотсо, Иран ок атышууну токтотууну карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Учурда ок атышууну токтотуу же операциялар боюнча келишим жок. Бирок Израил режими жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн саат 04:00гө чейин иран элине каршы мыйзамсыз агрессиясын токтотсо, биз дагы жооп кайтарбайбыз",- деп жазды министр X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Арагчи согуштук аракеттерди токтотуу боюнча акыркы чечим кийинчерээк кабыл алынарын да белгиледи. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү Израилге чабуулун айтылган убакытка чейин улантканын билдирди.
Ал эми Израил тарап да Иранды аткылоосун токтотсун деген ниетин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.