Орусияда абактан жаңы чыккан аял ошол эле күнү дагы бир кишини өлтүргөн

Орусиянын Омск шаарында түрмөдөн жаңы жазасын өтөп чыккан аял ошол эле күнү дагы бир кишини өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, ал эртең менен түрмөдөн чыгып, кечинде эшикти катуу какканы үчүн 60 жаштагы кишини бычактап өлтүргөн. Көкүрөгүнө бычак сайылган адамдын жансыз денесин Береговой айылындагы жатакананын тургундары табышкан.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран абактан жаңы чыккан 52 жаштагы аял экени аныкталып калрмалган.
Ал буга чейин дал ушундай кылмыш иш жасаганы үчүн камалган. Биринчи ирет бейтааныш адамды кошуна бөлмөнүн эшигин катуу каккылаганы үчүн бычактап салган. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.
Кылмышка шектүүгө карата адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.

