Сауд Арабиясы Ирандын соккусуна жооп катары Катарга колдоо көрсөтүүгө даяр
Сауд Арабиясы Ирандын америкалык Аль-Удейд аскер базасына урган ракеталык соккусуна жооп кайтарууда Катарга колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу падышалыктын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Сауд Арабиясы Ирандын боордош Катар мамлекетине карата жасаган агрессиясын катуу айыптайт. Катарды бардык көрүлгөн чараларда колдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно турганын ырастайт",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Иран АКШнын соккусуна жооп иретинде АКШнын Катар жана Ирактагы аскер базаларына сокку урган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.