super.kg logo

Акыркы 5 айда Ветеринардык чек ара көзөмөлдөө пункттарында 29 мыйзам бузуу аныкталды

 

Беш айда Ветеринардык чек ара көзөмөлдөө пункттарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мал чарба продукцияларын мыйзамсыз ташууга байланыштуу жалпы 29 мыйзам бузуу фактысы катталып, акт түзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган мыйзам бузуу учурлары боюнча тиешелүү ветеринардык-санитардык талапка жооп бербеген 259 тонна товар артка кайтарылды. Бул фактылар жарандардын саламаттыгын коргоо жана өлкө аймагына жугуштуу оорулардын кирүүсүнө жол бербөө максатында аткарылып жаткан ветеринардык көзөмөл иш-чараларынын алкагында аныкталды.

Ветеринардык кызмат жаныбарлардан алынган продукциялардын коопсуздугун жана сапатын көзөмөлдөө боюнча иштерди мындан ары да улантат. Жарандардан жана ишкерлерден мыйзам талаптарын сактоо, жүктөрдү ташууда тийиштүү ветеринардык документтерди камсыз кылуу талап кылынат.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында жалпысынан 30 ветеринардык көзөмөл пунктары иштейт. Анын ичинен:

  • 19 пункт - мамлекеттик чек арада;
  • 4 пункт - убактылуу сактоочу жайларда;
  • 5 пункт - темир жол станцияларында;
  • 2 пункт - эл аралык аэропорттордо.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: