Бишкекте 5 айда коомдук унаанын 733 айдоочусу жумуштан алынды



"Бишкек шаардык транспорт" ишканасында автобус айдоочулары катышкан жыйын өттү. Бул тууралуу 23-июнда мэрия билдирди.
Жыйынга Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлдөрү жана ишкананын кызматкерлери катышты. Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы жана тартип комиссияларынын чечимдери тууралуу маалымат берилди.
2025-жылдын 1-январынан 18-июнуна чейин тартип комиссияларынын чечимдеринин негизинде:
• 404 айдоочу сый акыдан ажыратылып, аларга сөгүш берилген;
• 733 айдоочу жумуштан алынган жана кара тизмеге киргизилип, мындан ары муниципалдык транспорт тармагында иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
Жыйын соңунда айдоочулардын жол эрежелерин сакташына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.