super.kg logo
  Саясат  

"Душман эмеспиз". Балбак Түлөбаев тил мыйзамына каршы болгонунун себебин айтты (видео)

 

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев мамлекеттик тил боюнча мыйзамга эмне себептен каршы болуп жатканын түшүндүрдү.

Анын айтымында, мыйзамда сот, прокурор, тергөөчү, министр, аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери, тагыраагы, мамлекетти башкаруу тутумунун өкүлдөрүнө кыргыз тилин С1 деңгээлинде билүүгө милдеттендирген норма бар. Эл өкүлү мындан аталган кызматта иштегендердин жарымынан көбү өтө албастыгын белгиледи.

"Мен ыр жазган адам катары С1ден араң өткөм. Ошон үчүн мамлекеттик органда бул жагынан "хаос" жаралышы мүмкүн. Кадрлардын баары кетип калат",- деди ал.

Түлөбаев ошондой эле мыйзамда мектептерде кыргыз тили экзаменинен окуучулар өтө албай калган учурда жеке жактар үчүн 5000 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом айып пул каралганын айтып, бул туура эмес норма экенин билдирди.

"Биз кыргыз элинин, кыргыз тилинин душманы эмеспиз. Өлкөбүз алдыга жылсын дегендербиз",- деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Балбак Түлөбаев 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоорун сынга алып, документти артка кайтарууга чакырган.

Аталган мыйзам парламенттин ал отурумунда биринчи окууда каралып, талаш-тартыш менен жактырылган. Мындан улам мыйзамга карата сын айткан депутаттар өздөрү коомчулуктун сынына кабылышкан.






Балбак Түлөбаев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: