"Новопавловка, Лебединовка, Төмөнкү Ала-Арча, Аламүдүн жана Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары, 1-июлдан тартып таштандылар "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан чыгарылат.
Ошондой эле ушул күндөн тарта адистер төлөм дүмүрчөктөрүн тарата башташат. Буга байланыштуу башка жеке ишканаларга төлөмдөрдү төлөбөй, бир гана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматына төлөөнү суранабыз.
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы №67 токтомуна ылайык, "Тазалык" ишканасы тарабынан катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн төлөм бир кишиге 42 сом 23 тыйын, пенсионерлер үчүн 23 сом 18 тыйынды түзөт.
Коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп, таштанды чыгаруу эрежелерин сактоону суранабыз",- дешти ишканадан.
Бишкектин “Тазалык” ишканасы шаардыктарга кайрылат




Бишкектин "Тазалык" ишканасы борбор калаанын тургундарына кайрылып, 1-июлдан тартып муниципалдык аймактык башкармалыктардан таштандылар "Тазалык" ишканасы тарабынан чыгарыларын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.