super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуусунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда президенттин администрациясынан билдиришти.

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Тяньцзин шаарында “Жайкы Давостун” өтүшү Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы жана өнүгүүнүн жаңы моделдерин калыптандырууда жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү ролун белгилөөгө болорун билдирди.

Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайт. Биздин мамлекеттерибиз бекем достуктун, чын ыкластуу жакшы коңшулаштыктын жана жемиштүү кызматташтыктын мамилелерин курушту. Биздин эки тараптуу кызматташуубуз кеңири чөйрөнү камтыйт. Негизги биргелешкен долбоор болуп ишке ашырыла баштаган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу саналат”, - деди ал.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян өз кезегинде Адылбек Касымалиевге “Жайкы Давос” Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ал Кытайдын Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө умтулуусун белгиледи. Мамлекеттик кеңештин премьери Кытай Эл Республикасы Кыргызстанды жакын кошуна, ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн элдеринин туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө даяр экенин айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери тарабынан мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдү камтыган кеңири чөйрөдөгү кыргыз-кытай кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Адылбек Касымалиев менен Ли Цян Кыргызстан менен Кытай элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары активдештирүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: