АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы кызматкерлерге WhatsApp тиркемесин колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын административдик директору маалымат каражаттарына электрондук кат аркылуу билдирген. Анын айтымында, бардык кызматкерлерге расмий түрдө WhatsApp жогорку кооптуу колдонмо катары таанылганы маалымдалган.
Маалыматка ылайык, 30-июндан тарта Өкүлдөр палатасы берген мобилдик, компьютердик жана браузердик түзмөктөргө бул колдонмону жүктөөгө же колдонууга болбойт. Ал тургай буга чейин орнотулгандар да мыйзам боюнча өчүрүлүшү керек.
АКШнын Киберкоопсуздук башкармалыгы билдиргендей, WhatsApp'тын маалыматтарды коргоо жаатындагы ачыктыгынын жоктугу, сакталган маалыматтардын шифрленбегени жана башка потенциалдуу коркунучтар бул чечимге негиз болгон.
Буга чейин Конгрессте DeepSeek, ByteDance тиркемелери, Microsoft Copilot сыяктуу бир нече программаларга да чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле ChatGPTнин акы төлөнүүчү версиясын гана колдонуу сунушталган.
Meta компаниясы Конгресстин бул чечими менен макул эмес. Компания өкүлү Энди Стоун билдиргендей, WhatsApp билдирүүлөрдү автоматтык түрдө шифрлеп жөнөтөт. Бул билдирүүлөрдү жөнөтүүчү менен алуучудан башка эч ким, анын ичинде WhatsApp өзү да окуй албайт.
"Бул — Өкүлдөр палатасы жактырган көпчүлүк колдонмолорго караганда коопсуздуктун жогорку деңгээли", — деди ал.
Meta билдиргендей, Сенаттын көптөгөн мүчөлөрү дагы деле WhatsApp тиркемесин колдонуп келишет.